Кыргызстанда “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майда башталат

Кыргызстанда “Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Сынакка дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин тизмесине кирген жогорку окуу жайына академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.

 

Документтерди онлайн кабыл алуу 30-майга чейин жүргүзүлөт.

 

Кененирээк маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан алса болот.