Бүтүрүү кечелерде коопсуздукту 5 миңдей милиция кызматкери камсыздайт.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Ведомство бүтүрүүчүлөрдөн спирт ичимдиктерин ичпей, коомдук жайларда тартипти бузбай, уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөй, унааларды өз алдынча башкарбоого чакырып, ата-энелерден жана мугалимдерден аларды көзөмөлүнөн чыгарбоону суранат.
Белгилеп кетсек, Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.