Кыргызстанда бир айда 3 жарым миңге жакын жаран пенсияга чыкты.
Ал эми соңку тогуз айдын ичинде 55 миң адамга пенсия чегерилди, — дешти Социалдык фонддон. Андан тышкары, эмгек стажы, айлык акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтерге ылайык, 900дөн ашык кишинин акчасы кайрадан эсептелди.
Белгилеп кетсек, өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 6 миң сомдун тегерегинде.