Баланы 1-класска электрондук каттоодо кандайдыр бир мүчүлүштүктөр жаралса Калкты тейлөө борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Эске салсак, 8-апрелде Кыргызстанда баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Айрым ата-энелер системада көйгөй жаралып, айрым учурда туура эмес маалыматтар чыгып жатканын соцтармактарда жазышкан.
Белгилеп кетсек, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүрөт. Экинчи этапта 3-июндан 30-августка чейин бош орундары бар мектепке катталса болот.