Бишкектин Киев көчөсүнөн маршруттук кичи автобустар алынды

Бишкектин Киев көчөсүнөн маршруттук кичи автобустар алынды. Транспорт департаментинин жетекчиси Марат Мукановдун айтымында, аталган көчө аркылуу каттаган маршруткалар эми Жибек Жолу проспектиси же Фрунзе көчөсү менен жүрөт.

 

Бул чара ордо калаанын борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден бошотуу максатында жасалууда.

 

Эске салсак, 10-апрелден тарта Ахунбаев – 7-апрель көчөлөрүн жана Чүй – Манас проспектилерин бириктирген бөлүктө маршруткалар толугу менен автобустарга алмаштырды.