Дубайда учуучу такси сыноодон өттү. Авторлордун айтымында, аппарат саатына 130 чакырымга чейин жете алат.
Ага бир учурда 2 кардар отурса болот. Келечекте мындай уча турган такси адамдарды шаардын бир четинен экинчи четине чейин жеткирет деп пландалууда.
Бул үчүн атайын учуп-конуу тилкесин даярдоонун кереги жок. Долбоор 2024-жылга белгиленди.