Олимпиада чемпиону соцтармактын колдонуучуларын өзгөчө өнөрү менен таң калтырды

Синхрондук сууга секирүү боюнча олимпиада чемпиону, британиялык

Том Дейли соцтармактын колдонуучуларын өзгөчө өнөрү менен таң калтырды.

Алтын медаль ээси аялдар арасындагы сууга секирүү боюнча мелдешти

трибунада кийим токуп көрүп отурган. Анын сүрөтү Олимпиаданын

Twitter баракчасына илингенден кийин популярдуу болду. Кийин Дейли

өзүнүн Instagram баракчасына жагдайды түшүндүрүп, досторунун Иззи

аттуу итине свитер токуганын билдирди. Анын айтымында,

токуу аны стресстик абалдан сактайт.