Кыргызстанда жалпы колдонуудагы жолдор менен жүк ташуучу унааларга жүрүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда жалпы колдонуудагы жолдор менен жүк ташуучу унааларга жүрүүгө убактылуу тыюу салынды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, чектөөлөр салмагы 18 тоннадан ашык транспортторго тиешелүү.

 

Тыюу жайдын аягына чейин эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин, күндүзгү температура +28 градустан жогору болгондо күчүндө болот. Мындай чара жалпы колдонуудагы жолдорду узакка сактоо максатында кабыл алынат.