Кыргызстанда кой эти 11 сомго кымбаттады

Кыргызстанда кой эти 11 сомго кымбаттады.

Монополдукка каршы күрөшүү боюнча жөнгө салуу агенттигинен билдиришкендей,

учурда кой этинин килограммы 465 сомдон сатылууда, муну менен ал бир жумада

2,5 пайызга кымбаттады. Андан тышкары, уй, тоок эттери дагы бир аз кымбаттаганы

байкалды. Ал эми бир жылда кой этинин килограммы 37 сомго, уй эти 40 сомго

наркын жогорулатса, тоок этинин баасы 35 сомго өстү.