“Ош” аэропортундагы суу каптоону Башкы прокуратура иликтей баштады

“Ош” аэропортундагы суу каптоону Башкы прокуратура иликтей баштады.

Ведомстводон белгилешкендей, аталган факты боюнча териштирүү иштерин транспорттук прокуратура жүргүзүүдө.

Эске салсак, 18-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен “Ош” аба майданынын имаратынын чатырынан суу кирип, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу, каттоо, күтүү залдарын каптаган. Текшерүүдө зыянга алып келген фактынын келип чыгуу себептери, аэропортту реконструкциялоо долбоору, аткарылган жумуштун долбоорго шайкештиги, курулган объект кандайча кабыл алынганы жана башка жагдайлар каралып, мыйзамдуу чечим кабыл алынат.