Кыргызстан боюнча 26 мектеп онлайн режимде билим берүүгө өттү

Кыргызстан боюнча 26 мектеп онлайн режимде билим берүүгө өттү.

Бул тууралуу билим берүү министрлигинен билдиришти. Жабылган мектептердин

16сы Бишкекте болсо, 10у Чүй облусунда. Ошондой эле аймактар боюнча 76 класс

аралыктан билим алууга өттү. Белгилеп кетсек, учурдагы алгоритмге ылайык,

мектепте бир окуучудан вирус аныкталса класс жабылат, эгер 2 же андан

ашык учур катталса билим берүү мекемеси толук карантинге алынат.