Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгышына күнөөлүүлөр аныктала элек

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгышына күнөөлүүлөр аныктала элек. Бул тууралуу медиаштабдан билдиришти.

 

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн.

 

Учурда комиссия кырдаал боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды топтоонун үстүндө иштеп жатат.

 

Эске салсак, жылуулук-энерго борбордо авария 2-февралга караган түнү катталды. Жыйынтыгында шаар тургундары жана оорукана, мектептер жылуулуксуз, ысык суусуз калган.