Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, уруксат кагазы жок тургузулган бардык жарнамалык такта жана түзүмдөр алынды.
Андан тышкары, Матросов көчөсүндө атайын тосмо, 4-кичи райондогу соода күркөлөрү жана Ибраимов көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуш объектиси түрттүрүлдү. Бул жаатта иштер дагы уланат.