Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо долбоорунун алкагында 316 млн сом бөлүндү

“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо — 2” долбоорунун алкагында аймакка 316 млн сом бөлүндү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоорду ишке ашырууга республиканын эки коммерциялык банкы катышууда.

 

Анын алкагында Баткен облусун өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатталууда.