Кыргызстанда акча чогулткан мектеп директорлору кызматтан алынат

Кыргызстанда акча чогулткан мектеп директорлору кызматтан алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди.

 

Эске салсак, буга чейин президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде каражат топтоого жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган.