Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдорду кардан тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү иштери аткарылып жатат. Бирок алыскы жолго чыга тургандарга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжырчаларын жана күрөктөрдү ала жүрүү сунушталат.