Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландалууда.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, алардын арасында медициналык түйүндөр, мектептер, бала бакчалар жана мамлекеттик органдардын имараттары бар. Жаңы билим берүү мекемелери Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында пайда болот. Ак-Сай — Рават, Кулунду – Максат — Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.
Белгилеп кетсек, учурда жаңжал чыккан аймактарда атайын комиссия иштеп, келтирилген зыянды тактап жатат.