Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 28-июлда саат 23:08де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү

3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Баткен

районунун Бужум, Достук айылында жана Баткен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.