Баткен облусунда сел каптоо коркунучу бар кооптуу аймактарды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул үчүн атайын
техникалар тартылды. Учурда иштер Баткен районунун Кара-Булак айылында жүрүүдө.
Жумуштар аяктаса, айылда 1 чакырым ички чарбалык жол, 1 чакырым арык,
турак жайлар жана короолор сел коркунучунан корголот.