Бишкекте каттоо тилкелерин базарларда ачуу сунушталды

Бишкекте каттоо тилкелерин базарларда ачуу сунушталды.

Кеп, ушул жазда өтө турган калкты жана турак жай фондун каттоо тууралуу болуп жатат.

Шаардык статистика башкармалыгынын жетекчиси Элмира Мамбеталиеванын айтымында,

бул жарандарга ынгайлуу болушу үчүн жасалат. Учурда өнөктүктү жүргүзүүгө кызматкерлер

ишке тартылууда. Белгилеп кетсек, каттоо өлкө аймагында жүргөн бардык жарандарга

тиешелүү болот. Ал 25-марттан 3-апрелге чейин, алыскы аймактарда

23-апрелден 2-майга чейин өтөт.