Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда 10 күн газ жок болот. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 16-августтан 27-августка чейин системада ремонттук жана алдын алуу иштери аткарылат.
Бул тармакты кышкы сезонго даярдоонун алкагында жүрүүдө. Андан тышкары, көгүлтүр от берүүдө чектөөлөр Восток жана Лебединовка айылдарында дагы киргизилет.