Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда 62 айылда салыктын өзгөчө режими киргизилет. Ага ылайык, бул жердеги ишкерлик субъектилер жеңилдиктерди алышат, — деп билдиришти Экономика министрлигинен.
Алсак, киреше салыгы 5 пайызга төмөндөтүлөт, ал эми сатуулардагы салыктан ишкерлер толугу менен бошотулат. Ведомстводон эске салышкандай, облуста өзгөчө инвестициялык режим киргизилип, анын алкагында мамлекеттик кепилдиктер жана жеңилдиктер берилет.