Афганистандан Канадага 285 мышык жана ит жеткирилди.
Бул бийликке талибандар келгенден кийин өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон жарандардын үй жаныбарлары. Global News маалымдагандай, жаныбарларды куткаруу операциясы 5 ай жүргүзүлдү. Жалпысынан 154 ит жана 131 мышыкты өлкөдөн чыгарып кетүү мүмкүн болду.