Баткен облусунун ишкерлерине жалпысынан 145 миллион сомго насыя берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат аймакты жеңилдетилген шартта насыялоо программасынын алкагында бөлүнгөн.
Долбоордун максаты – облусту өнүктүрүү, бизнес жана жарандарды мамлекет тарабынан колдоо болуп эсептелет. Программаны ишке ашыруу үчүн эки банк тандалып алынган.