Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайлап түшүрүү иштери улантылат.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 17-ноябрга чейин эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө дейре Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымнда таштар түшүрүлөт.
Бул учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.