Ош – Баткен – Исфана трассасынын курулушу уланууда.
novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей,
иштер тилкенин 75-108-чакырым аралыгында жүрүп жатат. Учурда куруучу компания тарабынан
жолго 26 чакырым алдыңкы жана 23 чакырым үстүңкү асфальт катмары төшөлдү.
Андан тышкары, үнөмдөлгөн каражатка Бишкек – Нарын – Торугарт трассасынын
272-365-чакырым аралыгында жумуштар уланууда. Анын 13 чакырым тилкесинде
иштер аткарылды. Унаа жол Ат-Башы жана Нарын райондоруна туура келет.