Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын көрсөтүү үчүн парламенттик комиссиянын өкүлдөрүн күтүп жатат

Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын көрсөтүү үчүн парламенттик комиссиянын өкүлдөрүн күтүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу отурумунда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

 

Анын айтымында, өлкөнүн башкы каржы мекемеси Кумтөр кенинде өндүрүлгөн 40 тонна алтынды сактап келет.