Баткен районунда көп тармактуу социалдык комплекс ачылды

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Курук-Сай аймагында

көп тармактуу социалдык комплекс ачылды. Жергиликтүү администрациянын

маалыматына ылайык, бул жерде бардык шарты менен 150 орундуу мектеп,

жабдууланган ФАП, дүкөн жана мечит жайгашат.

Долбоор чет элдик уюм тарабынан каржыланды.