Быйыл Бишкекте күзгү-кышкы сезонго даярдык эрте башталды.
Былтыр жылуулук 9-октябрда берилсе, быйыл 4 күнгө эрте берилди, — деди
мэр Айбек Жунушалиев. Анын айтымында, азырынча жылуулукка 50 оорукана,
71 бала бакча, 65 мектеп жана 2 миң турак жай кошулду. Калаа башчысы
белгилегендей, андан тышкары, ордо калаада көмүр саткан 15 түйүн иштеп жатат.
Көмүрдүн басы 5 миң сомдун тегерегинде болуп жатат. Бааларды көзөмөлдөө
иштери монополдукка каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте аткарылууда.
Негизсиз кымбаттаттуу фактысы катталса, чара көрүлөт. Ошондой эле
кар тазалоочу 40 атайын техника жана 3 миң тонна туз даярдалды.