Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата мектептин курулуш жумуштары бүткөрүлдү.

 

Откананын, резервуардын, септиктин, тегерете тосмолордун жумуштары аягына чыкты, ошондой эле тегерек чекесин жыйнап, асфальтоо иштери жүрүүдө.