Билим берүү министрлиги мектептерде ысык тамакка бөлүнө турган сумманы жогрулатуу суроосун карап жатат. Бул тууралуу ведомство башчысынын орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир окуучуга күнүнө 7 сомдон, ал эми алыскы райондордо 10 сомдон бөлүнөт. Жусупбекова белгилегендей, азык-түлүк баасы кымбаттагандыктан, мектептерде тамактанууга бөлүнгөн каражаттын суммасын дагы көбөйтүү зарылчылыгы келип чыкты.
Учурда бул суроо Каржы министрлиги менен биргеликте иштелип жатат.