Бишкек тургундары Баткен облусуна жардам көрсөттү

Бишкек тургундары Баткен облусуна жардам көрсөттү. Мэрия маалыматына ылайык, жалпысынан 17-сентябрда бишкектиктер 552 миң сом которду.

 

Андан тышкары, 12 тонна ун, 5 тонна кумшекер, 3 миң литр суу май, 7,5 тонна ун жана нан азыктары, 3 тонна мөмө-жемиштер чогултулган.

 

Мэриядан белгилешкендей, ордо калаа тургундары биримдигин жана активдүүлүгүн көрсөтүп, жабыркагандарга кийим жана гигиеналык каражаттарды дагы чогултуп беришти.