Баткенде чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайларды куруу уланууда

Баткенде чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайларды куруу уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 422 үйдүн орду бузулуп тазаланган.

 

Учурда Баткен районунда 164, Лейлекте 13 үйдүн пайдубалы курулуп жатат. 138 үйдүн пайдубалы тургузулуп, 27 объектинин дубалдары курулууда.

 

Аймакта 68 мобилдик, 40 кийиз үй жана 26 боз үй орнотулган. 31-октябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда эвакуация болгон 4 миңдей жаран туруктуу жашаган жерлерине кайта элек.