Жыргалаң туристтик аймагында милициянын коомдук алдын алуу борбору ачылды

Кечээ, 30-октябрда Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында милициянын коомдук алдын алуу борбору ачылды.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы борбордо күнүмдүк тейлөөнү милициянын участкалык ыйгарым өкүлдөрү аткарышат.

Ошондой эле аксакалдар, жаштар жана аялдар кеңеши милиция кызматкерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүп турушат.

Эми бул жерге туристтер гана эмес, айылдын жергиликтүү тургундары да кайрыла алышат же керектүү кеңештерди ала алышат.

Мындан сырткары, Боз-Учук айылында айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды.

Имараттардын курулушу райондук жана облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланган.