Бишкекте “Таатан” соода борборунда өрт чыкты

Бишкектин Свердлов районундагы Лермонтов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Өрт өчүрүүгө беш бөлүм тартылып, жеринде ыкчам топ, милиция, тез жардам жеринде иштеп жатат. Мекеме дагы кошумча маалымат берилерин билдирди.

 

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Андан 16 киши каза таап, 228 миң сомго жакын материалдык зыян келтирилген.