Баткенде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Баткенде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бүгүн түнкү саат 2лер чамасында Тажикстандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жердин силкинүүсү Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.