Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, облус боюнча 280 үйдүн орду урандыдан тазаланды.

 

Тазалоо иштерине 200дөн ашуун адам тартылып, 55тей техника иштеп жатат. Жарандык коргонуу комиссиялары жабыркаган турак жайларды тактоо иштерин улантууда. Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта 661 турак жай талкаланды.