Кыргызстандык Дархан Эргешов жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду

2-3-октябрда Бириккен Араб Эмираттарында жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда кыргызстандык Дархан Эргешов көк кур категориясында 77 килограммга чейинки салмакта күрөштү.

Кыргыз балбаны алгач кувейттик, анголалык, ооганстандык жана сальвадордук атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.