Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта үзүлгөн электр

чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин

басма сөз кызматынан билдиришти. «Ошэлектрдин» кызматкерлери жарык өчкөн аймактарда

ыкчам иштеп жатат, жакын арада ар бир үйгө жарык берилет. Эске салсак, буга чейин

тажик тарап ок чыгаргандан кийин электр линиялары жабыркаган. Анын айынан

Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Бос, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчкөн.