Баткенде кыргыз-тажик жолугушуусу өттү

Баткенде кыргыз-тажик жолугушуусу өттү. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода жана Чек ара башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали жолугушту.

 

Эки тарап 3 маселени макулдашты.

 

Алар – чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен гана чечүү, тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана чек арага жакын аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Белгилеп кетсек, кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, жаңжалдар көп катталып келет.