Баткенде пилоттук негизде “Тазалык” ишканасы ачылды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Булак айыл өкмөтүндө жайгашкан ишкананы ачууга жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнгөн.
Белгиленгендей, айыл аймакта ар бир жаранга ай сайын таштанды үчүн 15 сом төлөм бекитилген.
Өзүн-өзү каржылоо багытында ачылган ишкана алдыда жумушчулардын санын көбөйтүүнү пландоодо.