Баткенде 40 жылдык тарыхы бар музейдин жаңы имаратынын курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Кара-Булак айылында жайгашкан.
Музейдин курулушуна республикалык бюджеттен дээрлик 22 миллион сом каралган. Тарыхчылар курулуш тарыхий баалуулуктарды сактап калууда жана аймакта туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешти.