Баткендеги айылдардагы талкаланган турак жайлардын ордуна жаңыларын куруу иштери бүгүн башталат. Президент администрациясынын башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев билдиргендей, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт.
Эски үйлөрдүн ордуна жаңыларын тургузуу республикалык бюджеттен каржыланат.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Баткенде үйлөр жаңы жылга чейин калыбына келтирилет деп убадалаган.