Ош шаарына Өзбекстандан жаңы 35 автобус жеткирилди

Ош шаарына Өзбекстандан жаңы 35 автобус жеткирилди. Транспорт кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду менен түштүк калаа мэриясы ортосунда жетишилген макулдашуунун алкагында келди.

 

Самарканд унаа заводунун адистеринен турган атайын топ 70 айдоочуну окутуп жатат. Жаңы автобустар жакынкы арада 4 шаардык линияга кое берилет.