Кыргызстанда быйыл окуу китептерин басып чыгарууга 324 миллион сом бөлүнгөн

Кыргызстанда быйыл окуу китептерин басып чыгарууга 324 миллион сом бөлүнгөн. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык,  бул суммага   1 миллион нускадан ашык китеп чыгаруу пландалууда.

 

Анын ичинде “Алиппе”, физика, информатика, химия жана диндердин өнүгүү тарыхы боюнча окуу куралдары бар. Ведомстводон белгилешкендей, учурга карата 136 миң пособие басылып чыкты. Алар жакынкы арада мектептер арасында бөлуштүрүлөт.