Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагына кошумча каражат бөлүп берүүнү караштырып жатат

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагына кошумча каражат бөлүп берүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу парламент отурумунда Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Учурда 77 миллион долларды үстөк пайызы жок   50 жылга насыяга берүү суроосу каралууда.

 

Эске салсак, Дүйнөлүк банк өлкөнүн энергетика тармагына 50 миллион доллар бөлүп бермей болду. Каражат  350 чакырым электр линияларын тартуу жана көмөк чордондорду куруу, трансформатор сатып алуу жана 600 миңге жакын акылдуу эсептегич орнотууга жумшалат.