Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн уюлдук тиркеме иштелип чыкты

Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн уюлдук тиркеме иштелип чыкты.  Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, функциянын жардамы менен жарандар өздөрүнүн шайлоо тилкесинин номурларын жана дарегин тактай алат.

 

Тиркеме андроид платформасындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Ал үчүн Play Market тен «ММКнын кызмат көрсөтүүлөрү» тиркемесин көчүрүп алып, УШКнын дарегин текшерүү деген бөлүмүнө кирүү жетиштүү болот.