Билим берүү министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнү эми күзүндө да өткөрөт.
Тиешелүү буйрукка кол коюлду.
Ага ылайык, ЖРТ 24-30-ноябрь аралыгында өтөт.
Каттоо жашаган жери боюнча бүгүндөн тарта 27-октябрга чейин онлайн режиминде жүргүзүлөт.
Белгилеп кетсек, кышкы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча окуунун контракттык формасына гана тапшырууга болот.