Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлүндө өтөт

Өлкө мектептеринде Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлүндө өтөт.

1-сентябрда Бишкекте эле тартипти 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт.

Салт боюнча жаңы окуу жылынын алдында мектеп имараттарын комиссиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда, — деп билдирди Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.