Бишкектин борборунда жол кыймылынын тартиби өзгөрдү

Бишкекте бүгүнтөн тарта Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн Киевден Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү бир тараптуу болуп өзгөрдү.

Эртеңден тарта Шопоков көчөсүнө да ушундай эле эреже киргизилет.

Аталган аймакка жол белгилери орнотулду.

Айдоочулар жаңы тартипке көнүүсү үчүн жакынкы эки-үч күндө жол эрежеси бузулса протокол түзүлбөй, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.